FAQ
Эң көп берилген суроолор
Катышуу үчүн сөзсүз программалоону билишим керекпи?
Түрдүү деңгээлдеги даярдыгы жана жөндөмү бар 5-11-класстын окуучулары катыша алат!
Олимпиадага катышуу үчүн эмне керек болот?
Олимпиада үч баскычтан турат жана Онлайн форматта өттөт.
Сизге керек боло турган нерселер төмөнкүлөр:
  • интернетке туташкан смартфон
  • кыргыз же орус тилдерин билүү
  • 3$ төлөө. Төлөм жүргүзүү жолдорун Balatech платформасынан биле аласыздар.
Олимпиадага кимдер катыша алат?
Олимпиадага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүндө жашаган 5-11-класстын окуучулары катыша алат.
Олимпиада кандай өтөт?
Олимпиада үч баскычтан турат жана онлайн режимде өтөт.
Олимпиада өтө турган күнү balatech платформасынын "Олимпиадалар" бөлүмүнө чыгаруу үчүн маселелер жайгаштырылат.
Олимпиаданын ар бир баскычында маселелерди чыгаруу үчүн белгилүү убакыт берилет. Кийинки турга жетиштүү балл алган катышуучулар өтөт.

Олимпиаданын финалына эң жогорку балл алган 200 катышуучу чыгат.
Өзүнүн курактык категориясында байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.
Олимпидага кантип катталуу керек?
Ал үчүн төмөндөгүлөрдү аткаруу керек:
1. https://app.balatech.asia/register шилтемеси аркылуу өтүү
2. Balatech платформасына катталуу
3. "Олимпиада" бөлүмүнө кирип, "Катталуу" баскычын басуу

Balatech сайтына каттала албай жатам! Эмне кылсам болот?
Сайтка катталуу мүмкүн болбой жатса, анда төмөндөгүлөрдү тешкериңиз:
- Бардык чарчыларды толтурдуңузбу?
- Электрондук дарегиңизди туура көрсөттүңүзбү? Ал активдүүбү?
- Сырсөзүңүз латын тамгалары менен эң аз 6 символдон турушу керек.


Эгер "Кийинки" баскычын баскан соң эч нерсе чыкпаса, анда төмөндөгүлөрдү аткарып көрүңүз:
- Google Chrome браузерин алмаштырыңыз
- Интернетти алмаштырыңыз, анын ылдамдыгы платформаны иштетүүгө жетиштүү болбой жаткан болушу мүмкүн.
Мектебимди таба албай жатам! Эмне кылсам болот?
Мектебиңизди жазууда мектебиңиздин номеринен баштаңыз. Эгер табуу мүмкүн болбосо, төмөндөгүлөрдү аткарып көрүңүз.

1. Айыл/шаарыңызды туура көрсөткөнүңүздү текшериңиз (аягындагы тамгалар, сөз арасындагы сызыкчалар ж.б.)
Мисалы: Эгер шаарыңыз Балыкчы болсо жана мектебиңиз чыкпай жатса, анда "Балыкчи" деп "И" тамгасы менен жазып көрүңүз.
2. Мектебиңиздин аталышын Google издөө көрсөткөн интернеттеги аталышына ылайык жазганыңызды текшериңиз.
3. Мектебиңиздин атын толук жазып көрүңүз.
Мисалы: "МГ" дегендин ордуна "Мектеп Гимназиясы" деп көрсөтүңүз.
4. Мектебиңиздин атын түрдүү жолдор менен жазып көрүңүз. Натыйжа болбосо, №1-кадамга кайтып келиңиз.


Эгер жогорудагы аракеттерден жыйынтык чыкпаса, анда asiabalatech@gmail.com дареги же 0550984747 Whatsapp номери аркылуу Balatech сайтынын техникалык колдоо бөлүгү менен байланышыңыз.
Тапшырманы өтүү мүмкүн болбой жатат! Эмне кылуу керек?
Balatech платформасындагы бардык маселелердин жообу бар. Эгер өтүү мүмкүн болбой жатса, чыгаруунун башка жолун байкап көрүңүз ;)
Сиздин колуңуздан келет!

Олимпиада акылуубу?
Ооба, олимпиадага катышуу баасы - 3$ (240 сом). Түшкөн каражат байге фондун, сервердин ижарасы, командаларды камсыздоо сыяктуу уюштуруу чыгашаларын жабууга сарпталат.
Олимпиада кайсы тилде өтөт?
Balatech плафтормасында өтө турган олимпиада көп тилдүү. Учурда кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.
Дагы сурооңуз барбы? Balatech командасы менен asiabalatech@gmail.com дареги же 0550984747 Whatsapp номери аркылуу байланышыңыз